Казак балбанынын талкууга алынган бийи: Өзү бул боюнча билдирүү жасады
Париж Олимпиадасында күмүш байге уткан коңшу казакстандык Демеу Жадраев социалдык тармактарда талкууга алынган бийи боюнча үн катты.
Анда балбан бул бий эмес биринчи машыктыруучусу ар дайым машыгуу алдында денени жибитиш үчүн жасаткан көнүүгү экенин айтты.
"Бул эч кандай бий эмес. Мен уткан медалды агайыма арнап, ал үйрөткөн көнүгүүнү Париждеги Эйфель мунарасында жасадым. Аны көпчүлүк бий деп түшүнүп алышыптыр. Мен жакшы деле бийлей албайм", - деди Демеу Жадраев.
Буга чейин социалдык тармактарда казак балбаны Демеу Жадраевдин бийи көпчүлүктүн көңүлүн бурган. Анда балбан музыкага көнүгүү жасагандай бийлеп, анын бул бийи талкууга алынган.
Демеу Жадраевдин бийи
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.