Өлкөдө 1-сентябрдан жаңы 27 мектеп жана 13 бала бакча ишке берилет
Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги 1-сентябрга карата 27 мектепти жана 13 бала бакчаны пайдаланууга берүүнү пландоодо. Бул туурасында бүгүн, 15-августта билим берүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, быйыл республикалык бюджеттин негизги капиталына 431 билим берүү объекти киргизилген. Каржылоого 1 миллиард 439 миллион сомдон ашуун каражат каралган.
Ал төмөнкүдөй бөлүнгөн:
- 149 мектептин курулушуна - 844,4 миллион сом;
- 87 мектептин долбоордук-сметалык документтерин даярдоого - 21,2 миллион сом;
- 78 мектепти капиталдык оңдоого - 226,1 миллион сом;
- 63 бала бакча курууга - 306 миллион сом;
- 42 бала бакчанын долбоордук-сметалык документтерин даярдоого - 11,8 миллион сом;
- 12 бала бакчаны капиталдык оңдоого - 30 миллион сом.
Биринчи жарым жылдыкта 14 мектеп жана 3 бала бакча ачылып, 7 мектеп жана бала бакча капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөндүгү маалыматта кошумчаланган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.