super.kg logo

Бангладештин качып кеткен премьерине кылмыш иши козголду

 

Бангладеште орун алган массалык башаламандыкта өлтүрүлгөн сатуучунун өлүмүнө мурунку премьер-министр Шейхи Хасины күнөөлөнүп жатат. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышууда.

Ага каршы сотко арыз менен жергиликтүү бизнесмен Амир Хамза кайрылган. Ал арызында мурдагы премьер-министрди нааразычылык акциясы учурунда жолдон өтүп бара жатып кокусунан ок жеп каза болгон сатуучунун өлүмүнө айыптоодо.

Айта кетсек, июль айында студенттер Шейх Хасинанын бийликтен кетишин талап кылып акцияга чыгышкан. Ага 2018-жылы жокко чыгарылган жумуш квотасы боюнча система кайра калыбына келтирилиши түрткү болгон.

Өкмөт башаламандыкты басуу үчүн коменданттык саат киргизип, катаал чараларды көргөн.

Хасина нааразылык акцияларынан кийин кызматынан кетип, өлкөдөн чыгып кеткен. Айрым басылмалар ал Англиядан башпаанек сурап кайрылганын жазышкан болчу. Ал арада Бангладеште "Нобель" Тынчтык сыйлыгынын лауреаты 84 жаштагы Мухаммад Юнус жетектеген убактылуу өкмөт түзүлгөн.

Экс-премьердин уулу аны өлкөгө кайтып келе тургандыгын билдирген.

Бангладеште орун алган массалык башаламандык учурунда 400гө жакын жаран өлгөнүн айрым басылмалар жазып чыгышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: