super.kg logo

Баткенде жергиликтүү бийлик 90 жаштагы энеге үй куруп берди

 
Баткенде жетекчилердин биргелешкен аракети менен 90 жаштагы энеге үй курулду. Бул тууралуу бүгүн, 15-августта президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдирди.
Маалыматка ылайык, 90 жаштагы Ташбүбү Абилова 54 жаштагы ден соолугунан майыптыгы бар кызы менен туруктуу жашаган жайы жок айылдагы бош үйлөрдүн биринде баш калкалап келген.
Эненин жашоо шарты тууралуу маалыматтар социалдык тармактарда жарыяланып, жергиликтүү бийликке да маалым болгон.
Эне баланын тагдыры боюнча маалымат алган облус башчысы Абдикарим Алимбаев мындан эки ай мурда аларга турак жай курууну колго алган. Алгач облус башчысынын тапшырмасына ылайык, апанын кызы Тажигүл Абиловага Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын Алты-Адыр айылынан турак жай салуу үчүн 10 сотых жер участогу бөлүнүп берилген.
Алимбаевдин үй куруу демилгесин Баткен облустук мекеме-ишканаларынын жетекчилери колдоп, ыктыярдуу салым кошушкан. Натыйжада эки ай аралыгында үч бөлмөлүү заманбап, бардык шарты бар үй курулуп бүттү. Баткен облусундагы өкүлчүлүктүн аппаратынын кызматкерлери үйдү турмуш тиричиликке керектүү буюмдар менен толуктаган.
"Бүгүн турак үйдү ээлерине салтанаттуу тапшыруу аземи өттү. Ага Абдикарим Алимбаев баш болгон жетекчилер, мамлекеттик кызматкерлер, айыл тургундары катышты. Облус башчысы Ташбүбү апага үйдүн ачкычын тапшырып, ак өргөсү менен куттуктап,узак жана бакубат жашоо каалады. Ташбүбү эне турак үйдү курууга салым кошкон жарандарга ыраазычылык билдирип,чексиз бактылуу экенин билдирди", - деп айтылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: