super.kg logo
  Саясат  

Ирандын элчиси ТИМ башчысынын орун басары менен жолугушту

 

Бүгүн, 15-августта тышкы иштер министринин орун басары Авазбек Атаханов Ирандын Кыргызстандагы элчиси Голам Хоссейн Ядегари менен жолугушту.

ТИМдин басма сөз кызматынан билдиргендей, Иран тараптын демилгеси менен өткөн жолугушууда кыргыз-иран мамилелеринин актуалдуу маселелери талкууланды.

Атаханов эки өлкөнүн соода-экономикалык байланыштарын кеңейтүүнүн жана аймактык кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Өз кезегинде элчи Ядегари эки тараптуу макулдашууларды ишке ашыруунун аткарылышы тууралуу маалымат берип, Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы өз ара кызматташтыкты бекемдөө үчүн бардык күч-аракетин жумшай тургандыгына ишеним билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында алар эки тараптуу кызматташуунун жана эл аралык күн тартибинде турган маселелер боюнча, ошондой эле Шанхай Кызматташтык Уюму жана башка эл аралык уюмдардын алкагында активдүү өз ара аракеттенүүнү улантууну макулдашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: