Украина Орусиянын Курск облусунда аскер комендатурасын ачты
Украина Орусиянын Курск облусундагы Украинанын Куралдуу күчтөрү көзөмөлдөгөн аймактарда биринчи аскер комендатурасын түздү. Бул тууралуу Куралдуу күчтөрдүн башкы колбашчысы Александр Сырский президент Владимир Зеленскийге штабдагы жолугушууда билдирди.
Комендатуранын башчысы болуп генерал-майор Эдуард Москалев дайындалды.
14-августта Зеленский Курск облусунда “зарыл болсо” аскер комендатураларын түзөрүн жарыялаган.
Сырский кошумчалагандай, Курск аймагында чабуул башталгандан бери Украинанын куралдуу күчтөрү 1150 чарчы километр аянтты же 82 калктуу конушту өз көзөмөлүнө алган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:19
2025-06-26

9:54
2025-06-26

9:9
2025-06-26
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.