super.kg logo
  Спорт  

Ошто Мунарбек Сейитбек уулуна 3 бөлмөлүү, машыктыруучусуна 2 бөлмөлүү батир берилди

 

Парижде өткөн жайкы Олимпиада оюндарына катышкан спортчулар 15-августта Ош шаарына келишти. Бул тууралуу калаа мэриясынан кабарлады.

Ага ылайык, күмүш медалдын ээси, мушкер Мунарбек Сейитбек уулу, коло медаль тагынган балбан Акжол Махмудов менен дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу жана алардын машыктыруучулары Ош эл аралык аэропортуна конушту. Андан соң алардын урматына уюштурулган кортеждин коштоосунда "Алымбек датка" этно борборунда тосуп алынды.

Спортчуларды сыйлоо иш-чарасына Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, шаар тургундары, спортчулар жана алардын күйөрмандары катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө Олимпиада оюндарынын катышуучуларын мэр Жетигенов куттуктап акчалай сыйлык жана баалуу белектер менен сыйлады.

Мунарбек Сейитбек уулуна Ош шаарынын мэриясынын атынан 3 бөлмөлүү батирдин ачкычы жана 1 миллион сом, ал эми анын машыктыруучусу Беганас Султанбаевге 2 бөлмөлүү батир жана 500 миң сом, дагы бир машыктыруучусу Турдаалы Оморовго 500 миң сом акчалай сыйлыктын сертификаты тапшырылды.

Ошондой эле Акжол Махмудовго 1 миллион сом жана анын машыктыруучусу Мейрамбек Ахметовго 200 миң сом берилди. Дзюдочу Айбек уулу Кубанычбекке 250 миң сом жана анын машыктыруучусу Бакыт Жусуповго жүз миң сом акчалай сыйлыктын сертификаты тапшырылды.

Салтанаттуу иш-чара концерттик программа менен жыйынтыкталды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: