super.kg logo
  Спорт  

Казак балбаны Демеу Жадраев: "Өзүмдөн да Акжолго көбүрөөк кабатыр болдум"

 

Париж Олимп оюндарынын күмүш медалынын ээси казакстандык балбан Демеу Жадраев маектеринин биринде Акжол Махмудов менен болгон мамилесин айтты.

Анда ал Махмудов менен бир туугандай мамиледе экенин, Олимпиадада өзүнөн дагы Акжолго көбүрөөк кабатырланганын белгиледи.

"Акжол экөөбүз туугандай катташабыз. Бири-бирибизге ийгилик кааладык. Акжол, балким, күрөшүп жаткан учурда мени ага катары көрүп, жакшы күрөшө албай калды. Өзү да мага келип ушинтип айтып, финалга чыкканымда ийгилик каалады. Өзүмдөн да Акжолго көбүрөөк сарсанаа болуп жаттым.

Акжолду да байгеге ээ кылуу чоң жоопкерчилик болду. Эгер мен утулуп калсам, ал медаль үчүн күрөшүү укугунан ажырамак. Акжолго да мүмкүндүк бергениме кубанычтамын. Сыйлоо аземинде чогуу сүрөткө түштүк", - деди ал.






16.08.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: