super.kg logo

О! оператору катталбаган телефондордун бөгөттөлүшү боюнча абалга түшүндүрмө берет 

 

Байланыш борборуна келип жаткан массалык нааразылыктарды эске алып, О! мобилдик оператору катталбаган түзүлүштөрдүн мобилдик түйүндөргө кирүүсүнүн бөгөттөлүшү УКМК – Мамлекеттик идентификациялоо системасынын (МИС) маалымат базасы карамагына кирген улуттук коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ишке ашырылып жатканын маалымдайт.

Байланыш кызматтарын мобилдик оператор бөгөттөгөн жок. SIM-карталарыңыз иштеген абалда калат жана катталган бардык түзүлүштөрдөн колдонула берет. Бул үчүн SIM-картаңызды IMEI-коддору МИСте катталган башка мобилдик телефонго салыңыз.

Эгерде сиздин телефонуңуз бөгөттөлүп калса:

1) телефонду өчүрүп кайра күйгүзүп көрүңүз, эгерде сиз 2024-жылдын 25-июнуна чейин (МИС системасы ишке киргенге чейин) телефондун жок дегенде бир слотун колдонгон болсоңуз, анда ал слот дагы автоматтык түрдө катталышы керек болчу.
2) телефонуңуз катталбаса жана бөгөттөлүп калса, SIM-картаңызды башка катталган телефонго салып,
www.imei.kg сайтынан бөгөттөлгөн түзүлүштү акы төлөнүүчү негизде каттоодон өткөрсөңүз болот (катталбаган телефон аппаратыңыздын бардык слотторунун IMEI-коддорун көрсөтүшүңүз керек).
3) эгерде каттоо процессинде кыйынчылыктар жаралып жатса, O!Store дүкөндөрүнүн бирине кайрылыңыз. Компаниянын кызматкерлери форманы толтурууга жана МИС сайтынан каттоону ишке ашырууга жардам беришет.

Телефонуңуздун МИСте катталганынын учурдагы статусун *5656# буйрутмасын терүү аркылуу «Мой О!» тиркемесинен же
www.imei.kg сайтынан текшере аласыз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: