super.kg logo
  Спорт  

Кыргызстан самбо боюнча Дүйнө кубогунун биринчи күнү 5 медаль утту

 

Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан самбо боюнча Дүйнө кубогунун биринчи күнү Кыргызстандын улуттук курама командасы 1 күмүш, 4 коло медаль утуп алды. Бул туурасында бүгүн, 16-августта Дене тарбия жана спорт департаментинен билдирди.

Маалымдалгандай, 64 килограммга чейинки салмакта Саяк Бараканов күжүрмөн самбо боюнча 2-орунду ээледи.

Спорттук самбо боюнча 88 килограммга чейинки салмакта Жамалбек Асылбек уулу жана Фарух Мамаджанов, +98 килограммга чейинки салмак категориясында Бекболот Токтогонов коло медалга ээ болушту.

Кыз-келиндер арасында 54 килограммга чейинки салмакта спорттук самбо боюнча Акак Үсөн кызы 3-орунду ээледи.

Белгилей кетсек, бүгүн, 16-августта спорттук самбо боюнча эркектер арасында 64, 79, 98 килограммга чейинки салмакта, күжүрмөн самбо боюнча 58, 71, 88, +98 килограммга чейинки салмак категориясында спортчулар килемге чыгат.

Кыз-келиндер арасында спорттук самбо боюнча 50 жана 80 килограммга чейинки салмакта, күжүрмөн самбо боюнча 54, 59, 65, 72, 80 килограммга чейинки салмакта беттештер өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: