Ысык-Көлдө эс алып жүргөн 75 жаштагы аял жоголду

Ысык-Көлдө эс алып жүргөн Бишкек шаарынын тургуну изделип жатат. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 75 жаштагы Абиба Ийманалиева 13-августта саат 15:00 чамасында Кара-Ой айылындагы "Акун" пансионатынан чыккан боюнча дайынсыз болууда.
Белгилери: бою 155-160 сантиметр, орточо дене түзүлүштө, чачы кыска.
Кийген кийими: кыска кара түстөгү кофта, кара кыска шым, бутунда ак түстөгү жайкы бут кийим болгон.
Милиция көргөн-билгендер болсо Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнө кабарлап коюну суранат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.