super.kg logo

Путин Азербайжанга барат

 

Орусиянын президенти Владимир Путин 18-19-августта Азербайжанга мамлекеттик сапар менен барат. Кремлден билдиргендей, сапардын жыйынтыгында мамлекет башчылары биргелешкен билдирүү кабыл алып, бир катар өкмөттөр аралык документтерге кол коюшат.

Сүйлөшүүлөр стратегиялык өнөктөштүктүн жана союздаштыктын алкагында Орусия-Азербайжан мамилелерин мындан ары өнүктүрүүгө, ошондой эле актуалдуу эл аралык жана аймактык маселелерди талкуулоого арналат.

Путиндин Бакуга сапары Москва менен Ереван ортосундагы мамилелердин начарлашынын, ошондой эле Армения бийлигинин ЖККУдан чыгуу ыктымалдыгы тууралуу билдирүүлөрүнүн фонунда болмокчу.

Эске салсак, Путин Азербайжанга акыркы жолу 2018-жылдын 27-сентябрында барган. Анда Бакуга болгон иш сапарынын алкагында, дзюдо боюнча Дүйнө чемпиондугуна катышып, IX Орусия-Азербайжан аймактар ​​аралык форумунун пленардык жыйынына катышып, Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен жолугушуу өткөргөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: