Польша, Түркия жана Монголиядан кармалган кыргызстандыктар өлкөгө кайтарылды




Жасаган кылмыштары үчүн издөөгө алынып, чет мамлекеттерден кармалган кыргызстандыктар өлкөгө алынып келинди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, "Алдамчылык" беренеси менен С.Б. аттуу жаран Монголиядан, "Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдоо" боюнча Ш.О. аттуу жаран Түркиядан, "Каракчылык" беренеси менен А.М. аттуу жаран Польшадан кармалып, өлкөгө алынып келинген. Экстрадицияланган үч жаран тең мурда эл аралык издөөгө алынышкан.
Министрлик аларды кайтарып алуу аталган өлкөлөрдүн компетенттүү органдары менен болгон кызматташуунун натыйжасында ишке ашканын кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.