super.kg logo

Москва Киевди катаал чаралар менен коркутууда

 

Киев континенттин европалык бөлүгүндө радиоактивдүү булгануу менен катуу кырсык жаратууга аракет кылса, Орусия дароо “катуу жооп чараларды” көрүүгө даяр. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлиги билдирди.

Коргоо министрлиги ошондой эле Киевдин Курск атомдук электр станциясына чабуул жасоого даярдыгы тууралуу маалымат олуттуу түрдө кабыл алынганын белгиледи.

"Бул провокациянын максаты - Орусияны Украинадагы атомдук энергетикалык объектилерге сокку урууга негиз түзүү үчүн станцияда "өзүн-өзү аткылоо" үчүн айыптоо", - деп белгиледи Орусиянын Коргоо министрлиги.

Украинанын куралдуу күчтөрүнүн Курск аймагына чабуулу 6-августта башталып, он бир күндөн бери уланууда. Украин тараптын айтымында, операция башталгандан бери 1150 чарчы километр аянттагы 82 калктуу конуш көзөмөлгө алынды.

Буга чейин эки тарап тең тынчтык сүйлөшүүлөрүнө даяр экенин билдирип, бирок ар кандай шарттарды коюшкан. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Курск облусуна чабуулу башталгандан кийин орус президенти Владимир Путин “жай тургундарга, жарандык инфраструктурага сокку урган же атомдук энергетика объектилерине коркунуч жаратууга аракет кылгандар” менен сүйлөш натыйжасыз экенин жарыялады.

The Washington Post гезити "Украинанын Курск облусундагы чабуулу Орусия менен Украинанын Дохада өтүшү керек болгон сүйлөшүүлөрүн үзгүлтүккө учуратты" деп жазды. Украина менен Орусия бул маалымат боюнча расмий комментарий беришкен жок.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: