ӨКМдин куткаруучусу OPEN FC 45 турниринде жеңишке жетти





Ош облусунун Кара-Суу району боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өрт өчүрүүчүсү Куштарбек уулу Бекназар OPEN FC 45 эрежесиз эр урушунда жеңишке жетти. Бул тууралуу бүгүн, 17-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, турнир 11-август күнү Ош шаарында өткөн. Анда 57 килограмм салмак ченинде катышкан Бекназар өзбекстандык атаандашын жеңип алган.
"Буга чейин ал ушул жылдын март айында Орусиянын Воронеж шаарында өткөн OPEN FC 39 турниринде чемпион болгон", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.