super.kg logo

Нурсултан Назарбаевдин жээни Кайрат Сатыбалды абактан чыкты

 

Казакстандын соту экс-президент Нурсултан Назарбаевдин жээни Кайрат Сатыбалдынын калган жаза мөөнөтүн эркиндигин чектөө менен алмаштыруу чечимин чыгарды. Бул тууралуу Чыгыш Казакстан облусунун сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Сатыбалды жаза мөөнөтүн Өскемен шаарындагы №22 жалпы режимдеги колонияда өтөп жаткан. Анын жаза мөөнөтүнүн өтө элек бөлүгү үч жыл үч айдан ашат. Соттолуучу өзү бул боюнча бардык мыйзам талаптарын аткарганын көрсөтүп, жазаны жеңилирээк жазага алмаштыруу өтүнүчү менен кайрылган.

Сот өз чечимин Сатыбалды жаза мөөнөтүнүн үчтөн биринен кем эмес өтөгөндүгү, келтирилген зыяндын ордун толук толтургандыгы жана колониянын администрациясы тарабынан оң мүнөздөлгөндүгү менен негиздеди. Ал тарбиялык иштерге активдүү катышып, соттолгондордун ыктыярдуу уюмунун мүчөсү болгон.

Жазаны жеңилдетүү тууралуу билдирүү менен бир убакта казакстандык маалымат каражаттарында Сатыбалды эл алдында кечирим сурап, анын ичинде президент Касым-Жомарт Токаевден кечирим сураган видео пайда болду.

Буга чейин мамлекеттик органдар Сатыбалды мыйзамсыз алынган мүлктү мамлекетке кайтарып бергенин билдирген. Коррупцияга каршы агенттиктин маалыматы боюнча, ал кызматтык имараттарды, зер буюмдарын, кыймылсыз мүлктөрүн, кымбат баалуу унааларын, ишканалардагы акцияларын жана акча каражаттарын кайтарып берген. Калыбына келтирилген активдердин жалпы суммасы болжол менен 1,6 миллиард долларды түзөт.

Нурсултан Назарбаевдин улуу жээни, Forbes Kazakhstan журналынын версиясы боюнча Казакстандагы эң таасирдүү ишкерлердин бири Кайрат Сатыбалды 2022-жылдын март айында кармалган. Ошол эле жылдын сентябрь айында сот аны "Казактелеком" АК жана "ЦФТС" акционердик коомундагы өзгөчө ири өлчөмдөгү уурулук үчүн алты жылга эркинен ажыраткан, ошондой эле 10 жылга мамлекеттик кызматта иштөөгө тыюу салган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: