super.kg logo

Эрдоган Азербайжандын президентине ыраазычылык билдирди

 

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Түркиянын президентинин администрациясына таянып жергиликтүү басылмалар жазды.

Маалыматка караганда, сүйлөшүү учурунда өлкө лидерлери эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелерин, ошондой эле аймактык жана глобалдык окуяларды талкуулашты.

Алиев Түркияны каптаган токой өртүнө байланыштуу тилектештигин билдирип, Азербайжан бардык зарыл колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди. Ошондой эле бул жардамдын алкагында Азербайжан Түркияга бир өрт өчүрүүчү учак жибергенин айтты.

Өз кезегинде түрк лидери азербайжан элине көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, Түркия менен Азербайжандын ортосундагы бир туугандык мамилелер ушундай оор учурларда дагы бекемделе турганын белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: