super.kg logo

Орусияга виза алуу үчүн жаңы талап киргизилди

 

Орусияга виза алуу үчүн жаңы талап киргизилди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматка караганда, эми чет өлкөлүктөр иш сапарынын максатын жана Орусияда “болуунун шарттарын” ырастоо үчүн интервьюдан өтүшү керек. Бул туурасында өкмөттүн жаңы токтомунда айтылат.

"Чет элдик жаранга виза берүү маселесин кароодо Орусияга баруу максатын жана өлкө аймагында болуу шарттарын ырастаган маалыматтардын тууралыгын кошумча текшерүү максатында, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери чет өлкөлүк жаран менен жеке аңгемелешүү жүргүзөт", - деп айтылат документте.

Орусия Европанын көпчүлүк өлкөлөрүнүн, АКШ, Канада, Австралиянын, ошондой эле Түштүк Американын жана Африканын бир катар өлкөлөрүнүн жарандарына виза талап кылат.

КМШ өлкөлөрүнүн, Израилдин, Кубанын жана Венесуэланын жарандары үчүн орус визасы талап кылынбайт. Түркия, Сербия, Кытай өңдүү кээ бир өлкөлөргө визасыз режим болгону менен бир катар шарттар бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: