super.kg logo
  Спорт  

Самбо боюнча Дүйнө кубогунда өлкөнүн курама командасы 13 медаль жеңди

 

Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өткөн самбо боюнча Дүйнө кубогу жыйынтыкталып, өлкөнүн курама командасы байгелүү орундарга ээ болушту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдирди.

Маалыматка ылайык, улуттук курама команданын мүчөлөрү 2 күмүш жана 11 коло алышты.

Мелдеш 15-16-август күндөрү Газпром спорт комплексинде өтүп, 14 мамлекеттен келген 250дөн ашык спортчу катышкан.

"64 килограммга чейинки салмакта Саяк Бараканов күжүрмөн самбо боюнча, ал эми Адилет Кубаныч уулу спорттук самбо боюнча 2-орунду ээлешти. Спорттук самбо боюнча эркектер арасында Байэл Жакшылыков, Жамалбек Асылбек уулу, Фарух Мамаджанов, Шахрер Идирисов жана Бекболот Токтогонов коло медалга татыды.

Эркектер арасында күжүрмөн самбо 71 килограммга чейинки салмак ченинде Курманбек Замирбек уулу жана Шерзат Кудайбердиев 3-орунду ээледи. Кыз-келиндер арасында спорттук жана күжүрмөн самбо боюнча боюнча Акак Үсөн кызы 3-орунду алды. Ал эми спорттук самбо боюнча Канышай Аманкулова коло медалга ээ болду", - деп жазылат анда.

Курама команда башкы машыктыруучу Азамат Казакбаев жана улук машыктыруучу Ильгиз Каналбек уулунун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: