super.kg logo
  Саясат  

Баткенде Кыргызстан менен Тажикстандын топографиялык жумушчу топтору жолугушту

 

Баткенде 11-августтан 17-августка чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

Маалым болгондой, жолугушуунун алкагында тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгынын калган тилкелердеги өтүүсүн сыпаттоо боюнча сунуштар менен алмашышты.

Тараптар Тажикстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган аймактарды сыпаттоо боюнча ишти улантышат. Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.

"Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайда өттү" деп жазылат анда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: