super.kg logo

Белгилүү актёр Ален Делон 88 жашында көз жумду

 

Дүйнөгө атагы чыккан актёр Ален Делон кечээ, 18-августта 88 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар актёрдун балдарына таянып жазып чыгышты.

Француз актёру, режиссёр, продюсер жана сценарист Ален Делон 1935-жылы Франциянын Париж шаарында төрөлгөн.

Делон 1957-жылы "Когда вмешивается женщина" тасмасында роль жаратып, актёрлук карьерасын баштаган. Актёрго "На ярком солнце", "Рокко и его братья", "Леопард" кинолорундагы ролдору атактуулук алып келген. "Леопард" тасмасындагы ролу үчүн "Алтын глобус" сыйлыгына көрсөтүлсө, "Наша история" фильминдеги ролу үчүн "Сезар" сыйлыгына ээ болгон.

Ален Делон инсултка кабылып, Альцгеймер оорусу менен да жабыркаган.

Ал өзү жашаган үйдө көз жумду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: