super.kg logo

Акылбек Жапаров: "Эл бардык тармакта иштер жакшырып баратканын көрүүдө"

 

Өлкөнүн Ички дүң продукциясы 1 триллион 229 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу бүгүн, 19-августта министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттик администрациянын кызматкерлери менен болгон жыйында айтканын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жыйында ал бардык тармакта өнүгүү бар экенин, муну эл көрүп жатканын белгилеген.

"Эл бардык тармакта иштер жакшырып баратканын көрүүдө жана сезүүдө. Бизден темирдей эркти, дыкат тартипти, кынтыксыз эмгекти, чыныгы чечкиндүүлүктү, кайраттуулукту жана тарыхтын агымын өзгөртө турган иш-аракеттерге даярдуулукту талап кылган элибиздин бул "ишеним цифраларын" сактап, мындан ары дагы арттырышыбыз керек. Учурда бизден профессионалдуулук менен гана чектелбестен дагы көп нерсе талап кылынат. Биз тарыхый этапты басып өттүк – өлкөнүн ИДПсы 1 триллион 229 миллиард сомду (13 миллиард 981 миллион доллар) түздү. Бул өткөн жылдардагы көрсөткүчтөн бир топ жогору", - деген өкмөт башчы.

Ошондой эле Жапаров киши башына ИДПнын көлөмү дээрлик 2 миң долларды түзгөнүн белгилеп, бул көрсөткүч 2020-жылы 1 миң 230 доллар болгонун кошумчалаган.

"Миңдеген чакырым жол салынып, жүздөгөн мектептер ачылууда. Жолчулар, энергетиктер үчүн атайын техникалар сатылып алынууда, ӨКМ жана шаарлар коомдук транспорт менен толук камсыз кылынууда, бардык аймактарда аэропорттор курулууда. Өлкө тик учактар жана самолёттор менен камсыз болду", – деген ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: