super.kg logo

Майк Тайсон блогер менен беттеш алдында көз караш таймашын өткөрдү

 

Легендарлуу америкалык мушкер Майк Тайсон блогер Жейк Пол менен беттешке чейинки көз караштар таймашын өткөрдү. Бул туурасында чет элдик спорт басылмалары жазууда.

Пол менен Тайсондун беттеши алгач 20-июлга белгиленип, кийин 15-ноябрга жылдырылган. Мындай чечим 57 жаштагы мушкердин ден соолугуна байланыштуу кабыл алынган.

Эки мушкердин беттеши профессионалдык статуска ээ экендиги айтылган.

Тайсон 2005-жылдан бери биринчи жолу расмий беттешке чыгат, ал акыркы жолу мекендеши Кевин Макбрайд менен мушташып, мөөнөтүнөн мурда утулуп калган.

Ал эми көргөзмө мушташка Майк Тайсон акыркы жолу 2020-жылдын 28-ноябрында кичи Рой Жонс менен чыккан. Беттеш эки мүнөттөн сегиз раундга созулуп, тең чыгуу менен аяктаган.

Атактуу мушкер америкалык блогер менен боло турган беттеши үчүн болжол менен 20 миллион доллар ала тургандыгы белгилүү болгон.






sssss

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: