super.kg logo
  Саясат  

Жергиликтүү кеңештерди шайлоо: Кайсы аймакка канча мандат берилет?

 

Сентябрь айында жергиликтүү кеңештин депутаттары тарашы күтүлүүдө, ал эми бул аймактарда кайрадан шайлоо 17-ноябрга белгилениши мүмкүн. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Маалымдалгандай, Бишкек жана Ош шаардык кеңештерине 45 мандат берилет. Эгер административдик аймакта жашагандардын саны 6 миңге чейин болсо – 11 депутат, 20 миңге чейин болсо 21, андан көп болсо 31 депутат шайланат.

"Реформага чейинки 214 мандаттын ордуна жалпысынан 94 депутаттын келиши күтүлүүдө. Ошол эле учурда мандаттын 30 пайыздан кем эмеси аял депутаттар үчүн сакталат", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 30-июлда өлкө башчы Садыр Жапаров "Административдик-аймактык реформанын алкагында айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, жергиликтүү кеңештер таркатылып, аймактарда мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт.

Ошондой эле мыйзамда жергиликтүү кеңештин депутаттары 5 жылга шайланары белгиленген. Буга чейин 4 жыл болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: