super.kg logo
  Спорт  

Стамбулдагы тайбокс боюнча мелдеште Кыргызстан курамасы 5 медаль утту

 
Кыргызстандын тайбокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Түркиянын Стамбул шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунда 2 алтын, 1 күмүш, 2 коло медаль жеңишти. Бул туурасында бүгүн, 19-августта Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалымдалгандай, кыз-келиндер арасындагы мелдеште, 60 килограммга чейинки салмакта Аделя Асылбек кызы жана 51 килограммдык салмак ченинде Милана Шихшабекова алтын медаль алды.
Ал эми Орозбекова Махабат 67 килограммга чейинки салмакта 2-орунду ээлесе, Шарипа Мунарбек кызы 45 килограммга чейинки салмак категориясында коло медалга ээ болду.
Ошондой эле эркектер арасында Ихтияр Каныметов 63,5 килограммга чейинки салмакта спортчулар менен күч сынашып, 3-орунду ээлеген.
Мелдеш 14-18-август күндөрү өтүп, курама команда башкы машыктыруучу Дильшат Даутовдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: