super.kg logo

Ысык-Көлдө селдин кесепеттерин жоюуга 441 адам тартылды

 
Бүгүн, 19-август саат 13:30га карата Ысык-Көл районундагы селдин кесепеттерин жоюуга 441 адам тартылды. Жеринде өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов жеке көзөмөлүнө алууда. Бул туурасында министрликтин маалымат борбору билдирди.
Алдын ала маалымат боюнча Ысык-Көл районунун Булан-Сөгөттү, Корумду, Темир айылдарында 480 үй жабыркаган. Тактоо иштери уланууда.
Селден кийинки тазалоо жумуштарына ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынан 80 куткаруучу, куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун 100 куткаруучусу жеринде иш алып барууда.
Ошондой эле облустук Жарандык коргонуу кызматтарынан 261 кызматкер жана 4 экскаватор тартылып тазалоо иштери жүрүүдө.
Кошумча күч катары ӨКМдин Нарын облусу боюнча башкармалыгынан 60 жана Чүй облусу боюнча башкармалыгынан 60 куткаруучу тартылды. Саналуу сааттан кийин жерине жетип, тазалоо ишине киришет.
Белгилей кетсек сел кырсыгынан адам өмүрүнө коркунуч жаралган эмес. Кошумча маалымат берилет.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: