super.kg logo

"Сол көзү операция менен алынды". Эки жаштагы Алан элдин жардамына муктаж болууда

 

Эки жаштагы Алан Тагайбековдун дарылануусуна акча каражаты керектелет. Дарыгерлер өткөн жылдын октябрь айында эки көзүндө рак бар деген диагноз койгон. Кийин сол көзүн операция жолу менен алып салышкан.

Учурда Алан ай сайын 250-300 миң сом суммадагы акчага дарыланат. Баланын ата-энесинде мындай акча каражаты жок болгондуктан, кайрымдуу жарандардан жардам сурайт.

"2022-жылы Түркияда баламдын боору алмаштырылды. Кийинки жылы Аландын эки көзүндө рак (ретинобластома билатериальная) бар экенин билдик. Көп өтпөй сол көзү операция жолу менен алынды.

Балам Жалдагы онкология бөлүмүнөн 6 курс химиотерапия алды, бирок жардам берген жок. Азыркы учурда Москва шаарындагы ооруканада дарыланып жатабыз. Эки жылдан бери баламдын ден соолугу менен күрөшүп келем. Айына 300 миң сомго чейин дары алабыз. Мындай суммадагы акча жетишсиз болууда. Кайрымдуу жарандардын көмөгүнө муктажбыз", - дейт Аландын ата-энеси.

Наристенин өмүрүнө кайдыгер карабаган жарандар төмөнкү эсеп номерлери аркылуу жардам бере алат.

Мбанк: 0709 95 05 07 - Тагайбекова Каныкей

О! Деньги: 0709 95 05 07

Оптима: 0558 07 05 95

Тинькофф: +7999 905 02 06 - Усупова Толгонай

Сбербанк: +7920 377 91 96 - Аскат кызы Айым






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: