super.kg logo

Маданият министрлиги Франция менен Кытайдан LED экран баштаган жабдууларды сатып алды

 
Бүгүн, 19-августта Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов сатып алынган атайын техника жана жабдуулар менен тааныштырды. Бул тууралуу министрликтен билдирди.
Ага ылайык, Максүтов көп жылдардан бери мамлекеттик деңгээлде маданий иш-чараларды өткөргөнгө заманбап техниканын жоктугу көйгөй болуп келгенин белгиледи.
"2018-жылы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү үчүн сахна, LED-экран, жарык берүүчү жана үн күчөтүүчү атайын жабдуулар 5-6 мамлекеттен алып келинип, ижара акысына 2 миллион доллардан ашык каражат коротулган. Азыр болсо өлкө башчы Садыр Жапаровдун демилгеси менен жаңы заманбап техника алдык.
Жабдуулар Франция жана Кытайдан жалпы 15 жүк ташуучу унаалар менен алып келинди", - деди министр.
Жаңы алынган техникалар 31-август күнү өлкөнүн көз карандысыздыгынын 33 жылдыгына жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунунун 100 жылдыгына арналган чоң салтанатта колдонулары айтылат.
Маданият министрлигине мамлекет тарабынан материалдык-техникалык базасын жакшыртуу үчүн 446 миллион сом акча каражаты бөлүнгөн. Азыркы учурда алынган техниканын баасы 350 миллион 600 миң сомду түзөт.
Техника жана жабдуулардын тизмеси:
- 786 чарчы метрди түзгөн сахна;
- 428 даана жарык берүүчү жабдуулар;
- 700 чарчы метр LED-экрандар;
- 12 х 28 метр сахнанын темир жабдыктары;
- 16 даана атайын эффект берүүчү жабдыктар;
- L-ACOUSTICS үн күчөткүчтөр;
- L-ACOUSTICS (пульт);
- 20 миң 160 чарчы метр лаер.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: