super.kg logo

Саламаттык сактоо министрлиги маймыл чечек оорусу боюнча билдирүү таратты

 

Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда бүгүнкү күндө маймыл чечек оорусунун катталбагындыгын жана бул оору боюнча өлкөдө эпидемиологиялык абал стабилдүү экендигин билдирет. Бул туурасында бүгүн, 19-августта министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Маалымдалгандай, абал туруктуу сакталганы менен, алдын алуу чаралары көрүлүүдө.

Айта кетсек, 15-августта Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму акыркы эки жылда маймыл чечек оорусунун чыгышы боюнча экинчи ирет дүйнөлүк мааниге ээ болгон өзгөчө кырдаалды жарыялады. Африканын айрым аймактарында адамдан адамга жугуучу маймыл чечек оорусу кескин өсүүдө. Жыл башынан бери Конго Демократиялык Республикасында ооругандардын саны өткөн жылдын көрсөткүчүнөн кыйла ашып, ооругандардын саны 15 600 адамды түзгөндүгү айтылууда.

Андан тышкары ушул жылдын 16-августунда Африкадан тышкары Швеция менен Пакистан өлкөлөрүндө дагы оорунун эки учуру катталгандыгы белгилүү болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: