super.kg logo
  Спорт  

Хабиб Нурмагомедов Орусия өкмөтүнө канча карыз төлөгөнү белгилүү болду

 

Жеңил салмактагы UFC уюмунун экс-чемпиону Хабиб Нурмагомедов салык карызынын бир бөлүгүн төлөп берди. Орусиянын Федералдык сот аткаруучулар кызматынын басма сөз кызматы спортчу 79 миллион 300 миң рубль төлөгөнүн билдирди.

Буга чейин Shot телеграм каналы мушкердин мамлекетке карызы болжол менен 302 миллион рубль болгонун билдирген. Ошол эле маалда мушкердин менеджери Ризван Магомедов Match TV телеканалына Хабиб Нурмагомедовдун салыктар боюнча карызы 26 миллион рубль эле экенин айткан.

Буга чейин Хабиб Нурмагомедов 2019-жылдан 2021-жылга чейин чет өлкөдөн алган кирешесинен салык төлөбөгөнү такталган. Ага карата иш козголгон. Сот аткаруучулар мушкердин 79 миллион рубль өлчөмүндөгү мүлкүн камакка алышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: