super.kg logo

Рамзан Кадыров ага Илон Маск белек бергенин айтып, аны көрсөттү (видео)

 

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров ага америкалык миллиардер Илон Маск жаңы Tesla Cybertruck бергенин айтып, аны айдап көрсөттү.

"Биз урматтуу Илон Масктан Tesla Cybertruck унаасын алдык. Мен жаңы технологияны сынап көргөнүмө кубанычтамын жана анын "Кибер жырткыч" деп аталып калышы бекеринен эмес экенине жеке өзүм ынандым. Чыныгы кол тийбес жана тез "жаныбар". Эң сонун ылдамдыкты өнүктүрө турган жана тоскоолдуктарды жеңүүчү маневрдүү унаа. Абдан ыңгайлуу унаа", - деп бөлүштү Чеченстандын башчысы өзүнүн телеграм каналында.

Ал бул унаа аскердик операция өтүп жаткан аймакка жиберилерин кошумчалады.

Cybertruck — Тесланын төрт жылдан берки биринчи жаңы модели. Компаниянын негиздөөчүсү Илон Маск унаа 96 чакырым/саат ылдамдыкка 2,9 секундда жете аларын айткан. Ошондой эле бир заряды менен 1 жарым тоннадан ашык жүк жүктөп алып, 800 чакырымга чейин жүрө алат.






Кадыров Илон Масктын белегин көрсөттү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: