super.kg logo
  Спорт  

Футбол: Германиянын капитаны күтүүсүз чечими менен көпчүлүктү таң калтырды

 

Футбол боюнча Германия улуттук курама командасынын 33 жаштагы жарым коргоочусу Илкай Гюндоган күтүүсүздөн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу улуттук курамадагы карьерасын жыйынтыктаганын жазды.

Футболчу бул чечимди кабыл алуу оор болгонун кошумчалады.

"Бир нече жумалык ой жүгүрткөндөн кийин мен улуттук курама командадагы карьерамды бүтүрүүгө убакыт келди деген тыянакка келдим. Мен өз өлкөм үчүн 82 беттеш өткөргөнүмдү сыймыктануу менен эстейм. 2011-жылы улуттук курама командада дебют жасаганым түбөлүк эсимде калат", - деп жазды Гюндоган.

Илкай Гюндоган быйыл жайында Германияда өткөн Европа чемпиондугунда Германия курамасынын капитаны болгон.

Илкай Гюндоган Германиянын курамында жалпы 82 беттеш өткөрүп, 19 гол киргизген. Ал учурда каталондук "Барселона" клубунун жарым коргоочусу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: