super.kg logo
  Спорт  

"Токмок жеген баланы урмайынча кетпейм деп..." Мунарбек Сейитбек уулу бокска кантип келип калганын айтты    

 

Париж Олимпиадасында күмүш байге алган кыргыз мушкери Мунарбек Сейитбек уулу Exclusive KG’ге берген маегинде бокска кантип келип, эмне үчүн спорттун бул түрүн тандап калганын айтты.

Ал бокс менен машыгууну 8 жашында баштаган.

"Бала кезде Жоомарт деген кошуна агабыз залга барып машыкчу. Аны көргөн жаш балдар ээрчип алат эле. Бир жолу мен да аны менен чогуу машыгууга бардым. Залдан мени бир бала менен мушташтырып койду, андан токмок жеп калгам. Ошондо аны урмайынча кетпейм деп намыстанып машыгып калдым.

Алгачкы машыктыруучум Турдаалы Оморов десем болот. Көп өтпөй Беганас Султанбаев агайым менен машыктым.

Алгач машыгууга классташтарым болуп барат элек. Жалпысынан 40тай бала барчубуз. Ошолордун ичинен аягында өзүм калдым. Анткени досторум барбай калган учурда мен кете берчүмүн. Муну менен жалкоолугумду да жеңе алдым. Бул боксту жакшы көргөнүмдөн да болсо керек", - дейт мушкер.

Ошондой эле ал бир дагы мушкерди жакшы көрүп, кумир тутпаарын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: