super.kg logo

Орусия мигранттарга өлкөгө үй-бүлөсүн алып кирүүгө тыюу салууну пландоодо 

 

Орусия жарандыгы жок эмгек мигранттарынын үй-бүлөсүн өлкөгө алып келүү укугун чектөөнү пландоодо. Бул тууралуу орус басылмалары жазышууда.

Орусиянын Либерал-демократиялык партиясынын депутаттарынын тобу мигранттардын өлкөгө үй-бүлөсүн алып келүүгө тыюу салуу мыйзамынын долбоорун сунуштаган. Мында Орусиянын жарандыгы жок болгон, эмгек келишим же патенттин негизинде иштеген төмөнкү квалификациядагы адистерге үй-бүлөсүн өлкөгө алып келүүгө тыюу салуу каралган. Эгер чет элдик жогорку квалификациядагы адис болсо, мыйзам ага тиешелүү болбойт.

Мындай мыйзамдын сунушталышынын себеби, чет элдик мигранттар өз тилинде сүйлөшөт, жергиликтүү тургундарга ыңгайсыздык жаратышат. Ошондой эле жашаган жеринде коммуналдык кызматтар үчүн акча төлөбөй, маселени үй ээлери чечүүгө аргасыз болгон учурлар көп экенин аталган партиянын лидери Леонид Слуцкий айткан.

Эгер мыйзам долбоору күчүнө кирсе, мигранттын эмгек келишими же патенти анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн Орусияга көчүп баруусуна негиз боло албайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: