super.kg logo
  Спорт  

Жөө күлүк Трофимовага унаа жана акчалай сыйлык тапшырылды

 
Бүгүн, 20-августта маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов Париж Олимп оюндарынын катышуучусу Сардана Трофимовага 500 миң сомдук сертификат жана Chevrolet Tracker үлгүсүндөгү унааны тапшырды. Бул тууралуу министрликтен кабарлады.
Ага ылайык, Сардана Трофимова колдоо көрсөткөн өлкө жетекчилигине жана министрге ыраазычылык билдирип, алынган белектер мындан ары дагы бийктиктерди багындырууга шык берерин айтты.
Мындан тышкары иш-чарага катышкан өлкөнүн жеңил атлетика федерациясынын президенти Канат Аманкулов өлкө жетекчилигинин көрсөткөн колдоосуна ыраазычылык билдирип, азыркы учурда мамлекетте спортту өнүктүрүүгө бардык шарттар түзүлгөнүн айтты.
Билгелей кетсек, 13-август күнү Париж Олимп оюндарынын катышуучуларын жана байге ээлерин сыйлоо аземи болуп өткөн. Сардана Трофимова иш-чарага жүйөлүү себептер менен катыша албай калгандыгына байланыштуу сыйлыктар бүгүн тапшырылды.
Ал Олимпиадада жеңил атлетика боюнча марафондо 91 мамлекеттин ичинен 14-болуп келген.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: