Чолпон-Атада улуттук спорт түрлөрү боюнча президенттин кубогу өтөт
28-31-август күндөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда спорттун улуттук түрлөрү боюнча мамлекет башчысынын кубогу өтөт. Бул туурасында бүгүн, 20-августта Дене тарбия жана спорт боюнча департаментинен билдирди.
Маалымдалгандай, мелдештин алкагында көк бөрү, эр эңиш, салбуурун, ат оюндары , ат чабыш жана кыска аралыкка ат чабыш боюнча оюндар болот.
Республиканын бардык аймагынан спортчулар келип катышчу мелдеш Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекция тарабынан уюштурулууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.