super.kg logo
  Спорт  

Мушкер Мунарбек Сейитбек уулу Беганас Султанбаев 20 жыл бою акысыз машыктырып келгенин айтты

 

Париж Олимпиадасында күмүш байге алган кыргыз мушкери Мунарбек Сейитбек уулу жергиликтүү Ютуб каналдардын бирине берген маегинде машыктыруучусу 20 жылдан бери боксту акысыз үйрөтүп келгенин айтты.

"Беганас Султанбаев агайым 20 жылдан бери мени акысыз машыктырып келди. Башында эмгеги үчүн деп бир аз акча берчүмүн. Кийин бербесем деле керек, акысыз эле машыктырчу.

Үйдөгүлөр да каражат жагынан жардам беришчү. Өзүм да кээде таксист болуп иштейт элем. Мындан тышкары бул жакта көрсөткөн жыйынтыктарым үчүн стипендия алчумун", - деди мушкер.

Ошондой эле ал буга чейин анда туруктуу демөөрчү болбогонун, бирок жардамга кол сунган адамдар бар экенин кошумчалады.

Мушкер бокс менен алектенүүнү 8 жашында баштаган. Боксту жакшы көргөндүктөн жана тынымсыз машыгуунун аркасынан бул ийгиликке жеткенин билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: