Балбан Мээрим Жуманазарова унаасын сатты
Фейсбук социалдык тармагынын колдонуучусу Докторбек Жандаралиев Париж Олимпиадасында күмүш медаль тагынган спортчу Мээрим Жуманазарованын унаасын сатып алганын жазды.
"Мээримдин Мерседесин сыймыктануу менен сатып алдым. Мээрим элибиздин акжолтой кызы! Анын унаасы ак жолтой унаа деп ишенем", - деп жазды ал.
Белгилей кетсек, өлкө башчы Садыр Жапаров Париж Олимпиадасына катышкан 16 спортчунун ар бирине унаа берген. Алардын ичинен күмүш байге уткандарга Киа EV 9 унаасы, коло байге уткан 4 спортчуга Киа EV 6 унаалары жана калган 10 спортчуга Chevrolet Tracker унаалары берилген.
Ал эми 2021-жылы Токио Олимпиадасында Мээрим Жуманазарова коло медаль утуп, президенттин колунан Toyota RAV4 унаасын алган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.