super.kg logo
  Саясат  

Президенттин Аппаратынын жетекчиси Данияр Нарымбаев Мурадыловдордун үй-бүлөсүндө жашаган ардагер Григорий Чалов менен жолугушту

 

Мамлекет башчысынын тапшырмасы  боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчиси Данияр Нарымбаев Мурадыловдордун үй-бүлөсүнө барып, үч жолку Кызыл Жылдыз орденинин ээси Григорий Гаврилович Чалов менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда КРнын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Данияр Нарымбаев ардагерге узун өмүр каалап, Кубат жана Гүлжан Мурадыловдорго алардын жасаган жакшы иши үчүн ыраазычылык билдирди. Президенттин Аппаратында бул окуянын катышуучуларына көмөк көрсөтүү боюнча чечимдердин  түрдүү варианттары иштелип жаткандыгы тууралуу маалымдады.

Белгилей кетсек, Григорий Гаврилович Чалов үйүнөн ажырап, көчөдө, коомдук транспортто жашап калганда Кубат жана Гүлжан Мурадыловдор асырап алышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: