super.kg logo

Колумбия Израилге көмүр сатуудан баш тартты

 

Колумбиянын президенти Густаво Петро

Колумбиянын президенти Густаво Петро Газада палестиналыктарга каршы колдонулган курал-жарактарды өндүрүүдө колумбиялык көмүр колдонулганын айтып, анын өлкөсү Израилге көмүр экспортун расмий түрдө токтоторун жарыялады.

​​Ал мындай чечимди Израилдин Газага уланып жаткан чабуулдарына байланыштырды.

"Колумбиянын көмүрү палестиналык балдарды өлтүргөн бомбаларды жасоо үчүн колдонулууда", - деп жазды Петро.

Президент Петро кол койгон жарлык жарыялангандан беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Жалпы көмүр экспортунун 5 пайызын Израилге жөнөткөн Колумбия өткөн жылдын ноябрында Түштүк Америкада биринчилерден болуп Израилдеги элчисин чакыртып алган.

Быйыл майдын башында президент Петро Израилдин Газадагы аракеттери үчүн дипломатиялык мамилесин толук үзөрүн жарыялаган. Элчилик 3-майда жабылган.

Газанын Саламаттыкты сактоо министрлиги Израилдин эксклавды басып алуусу башталгандан бери 40 миң 99 палестиналык каза болгонун билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: