super.kg logo

Путин 16 жылдан кийин биринчи жолу Бесланга барды (видео)

 

Орусиянын президенти Владимир Путин бүгүн, 20-августта Түндүк Осетиянын Беслан шаарындагы №1 мектепти каргашалуу курчоого алуунун жана Орусиянын жаңы тарыхындагы эң кандуу террордук чабуулдун 20 жылдыгын утурлай барды.

Кремль жарыялаган видеодо Путин "Периштелер шаарчасынын" мемориалдык көрүстөнүндө чөгөлөп, гүл коюп жатат. Андан соң Путин №1 мектепти бошоткон ФСБнын атайын күчтөрүнүн жоокерлерине арналган эстеликке гүл койду.

Путин Бесланга 2004-жылдын 4-сентябрында террордук чабуулдан кийин дароо келген. Каргашалуу окуядан кийин ал Бесланга бир гана жолу – 2008-жылы премьер-министр болуп турганда келген.

Кошумчалай кетсек, 2004-жылдын 1-сентябрында куралдуу согушкерлер Бесландагы мектеп имаратын салтанаттуу жыйын учурунда басып алып, 1100дөн ашуун адамды барымтага алышкан, алардын көбү балдар болгон. Аларды эки күндөн кийин орус аскерлери мектептин имаратына чабуул койгонго чейин туткунда кармашкан. Натыйжада барымтадагы 334 адам, анын ичинде 186 бала набыт кетип, ошондой эле 31 согушкер өлтүрүлгөн.






Видео

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: