super.kg logo
  Спорт  

Париж Олимпиадасында рекорд жаңылаган Сардана Трофимова Chevrolet Tracker унаасын алгандан кийин билдирүү жасады

 

Парижде өткөн жайкы Олимпиада оюндарына катышкан кыргызстандык жөө күлүк Сардана Трофимова бүгүн, 20-августта мамлекет берген сыйлыкты өз колуна алды.

Сүйүнүчү коюнуна батпаган жөө күлүк өзүнүн эмоциясы менен социалдык тармактагы баракчасы аркылуу бөлүштү.

"Бүгүн мен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Париж Олимпиадасына катышкан спортчуларга берген белегин алдым. Кыргызстан Олимпиадада медаль уткан спортчуларды эле эмес, ага катышкан спортчулардын бардыгын сыйлаган жалгыз өлкө болду. Мен бул окуянын бир күнөөкөрү болгонума абдан сыймыктанам жана бактылуумун.

Өзүңүздөр билгендей Кыргызстан мага колдоочу эле эмес, жашоомдогу таянычым жана спорттогу карьерамдын күч-кубаты. Менин ыраазычылыгым чексиз", - деп жазды жөө күлүк социалдык тармактагы баракчасына.

Сардана Трофимова Париждеги Олимпиада оюндарына Кыргызстандын атынан марафондо чуркоо боюнча катышкан. Ал 14-болуп марага келип, Кыргызстандын Олимпиада оюндарындагы рекордун жаңылаган.

Олимпиадада 14-орунду алганы үчүн ал 500 миң сом жана жаңы үлгүдөгү Chevrolet Tracker унаасын алды.






			
			

			
			

				
			



						





Сардана Трофимова сыйлыгын алды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: