Сүйүнчү! Кыргыз балбаны Дүйнө чемпиондугунун финалына чыкты
Кыргыз балбаны Кутман Калбаев Амман шаарында өтүп жаткан 17 жашка чейинкилер арасындагы Дүйнө чемпиондугунда финалга чыкты.
51 килограммга чейинки салмакта кыргыз балбаны жарым финалда ирандык балбанды утуп, финалга чыкты.
Грек-рим күрөшү боюнча бизде жалпы 4 кадеттер арасында Дүйнө чемпиондору бар. Алгач 1996-жылы Уран Калилов кадеттер арасында Дүйнө чемпиону болгон. Андан дээрлик 20 жыл өткөндөн кийин бул жетишкендикке Акжол Махмудов жеткен.
Ал эми акыркы жолу 2021-жылы эки кыргыз балбаны, тагыраагы Нуристан Сүйөркулов менен Раззак Бейшекеев бул титулга ээ болушкан.
Финалда Кутман Калбаев азербайжандык Туран Дашдамиров менен кез келет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.