super.kg logo

Курск шаары үчүн салгылашта орусиялык актёр каза болду

 

Орус актёру Евгений Шишов 42 жашында Курск облусун коргоодо каза болду. Бул тууралуу kino-teatr.ru порталы жазып чыкты.

"Ал Курск облусунда Орусиянын аймагын коргоп жатып каза болду", - деп жазды аталган сайт.

Актёрдун каза болгон күнү так көрсөтүлгөн эмес, болгону август айында гана каза болгону жазылган. Анын өлүмүн кесиптештери дагы тастыкташкан.

Маркум актёрдун социалдык тармактардагы баракчасында акыркы билдирүүсү 31-июлда жазылган.

Евгений Шишов 1982-жылы туулган. "Деңиз шайтандары", "Керемет бештик", "Невский" жана башка долбоорлорго катышуусу менен белгилүү. Акыркысы 2023-жылы чыккан "Саат өткөн сайын" сериалындагы ролу болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: