super.kg logo

Жер шарындагы эң кары адам каза болду

 

Дүйнөдөгү эң кары адам деп эсептелген испаниялык Мария Браньяс Морера 117 жашында көз жумду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, ал дүйшөмбү күнү, 19-августта ооруп, уктап жаткан жеринен кыйналбай каза болгонун жакындары билдиришкен. Маркум 117 жыл 169 күн жашаган.Анын өлүмүнөн кийин жер шарындагы эң кары адам япониялык Томико Итоока болуп калды. Анын төрөлгөнүнө 116 жыл 90 күн болду.

Мария Браньяс Морера 1907-жылы 4-мартта Американын Калифорния штатындагы Сан-Франциско шаарында туулган. Ал сегиз жашында үй-бүлөсү Испанияга көчүп, Каталонияга отурукташып, Морера бүткүл өмүрүн ошол жерде өткөргөн.

Мария Браняс дарыгерге турмушка чыгып, үч бала төрөгөн. Ал 1976-жылы жесир калып, андан кийин турмушка чыккан эмес. Бул анын жашоосундагы жалгыз оор жоготуу эмес, ал буга чейин жалгыз уулунан дагы ажыраган.

Морера өмүрүнүн акыркы 20 жылын карылар үйүндө өткөргөн. Жашы улгайып калганына карабастан, анын физикалык жана психикалык ден соолугуна эч кандай даттануулары болгон эмес. Өлөрүнүн алдында Морера өзүн алсыз сезип жатканын гана айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: