super.kg logo
  Спорт  

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Кыргызстандын командасы өздөрүнүн тоюттары менен барат 

 

Астанада өтө турган V Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Кыргызстандын спортчулары өздөрүнүн тоюттары менен барат. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталындагы жарыяда маалымдалды.

Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекция Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн спортчуларды, жылкыларды, тоюттарды жана дандарды ташууга тендер жарыялады. Бул максаттарга жалпысынан 11 миллион 307 миң 130 сом сарптоо пландалууда.

Катышуучуларды Астанага алып барып, кайра алып келүүгө 864 миң сом бөлүнгөн.

Эске салсак, 8-сентябрдан 14-сентябрга чейин Астанада V Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт. Ага 100дөн ашык мамлекеттен жана 4 миңге жакын адамдын катышуусу күтүлүүдө. Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2014, 2016 жана 2018-жылдары Кыргызстанда, ал эми 2022-жылы Түркияда өткөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: