super.kg logo
  Спорт  

Парижге Кыргызстандын Паралимпиада курама командасы узатылды

 

Бүгүн, 21-августта министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өлкөнүн Паралимпиада курама командасын Парижде боло турган XVII Жайкы оюндарына узатты. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Байсалов оюнчуларды лицензия алышы менен куттуктап, алардын жетишкен ийгиликтери үчүн сыймыктанарын билдирди.

Бул жолку Паралимпиада оюндарында өлкө намысын пауэрлифтинг, триатлон, жеңил атлетика жана дзюдо сыяктуу спорттун түрлөрү боюнча 4 спортчу коргойт.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары мамлекеттик тууну Кыргызстандын Паралимпиада курама командасынын капитаны Маматибраим Сурановго тапшырды.

Белгилей кетсек, оюндар 28-августтан 8-сентябрга чейин Франциянын борбору Париж шаарында өтөт. Жалпы 22 спорттун түрүнөн 549 медаль топтому ойнотулат. Мелдештер Олимп оюндары уюштурулган спорттук жайларда өткөрүлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: