super.kg logo

Москвага ири масштабдагы дрон чабуулу болду

 

Москва бүгүн, 21-августка караган түнү Украинанын учкучсуз учуучу аппараттарынын чабуулуна дуушар болду. Бул тууралуу борбор калаанын мэри Сергей Собянин өзүнүн Telegram каналында билдирди.

Анын айтымында, Орусиянын абадан коргонуу системалары борборду көздөй учкан 11 учкучсуз учакты жок кылган. Дрондордун айрымдары Москванын борборунан болжол менен 38 чакырым түштүк тарапта жайгашкан Подольск шаарынын үстүндө жок кылынган.

"Бул Москвага учкучсуз учактар ​​менен кол салуу аракеттеринин эң ириси", - деп жазды Собянин Москва убактысы боюнча таңкы саат 4:43тө.

Борбор калаанын мэри билдиргендей, алдын ала маалымат боюнча кол салуулардан эч ким жабыркаган эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: