super.kg logo

Окуучуну мектепке даярдоо канча турат? Базардагы баалар

 

Жаңы окуу жылына саналуу гана күндөр калды. Азыркы тапта ата-энелер балдарына кийим-кече, окуу куралдарын сатып берип, кызуу камылга көрүп жаткан чагы.

Адатта алардын көпчүлүгү соодасы кызыган Бишкектеги "Дордой" базарына бет алышат.

SUPER.KG порталы аталган базардагы бааларга саресеп салып, балдардын мектепке даярдыгы канча турарына кызыгып көрдү.

Быйылкы жаңы окуу жылында окуучулар мектепке ак жана кара түстөгү классикалык форма киет. Билим берүү жана илим министри окуучулардын формасы мурдагыдай эле ар бир мектептин уставына карай чечилерин айткан.

Ага ылайык, эркек балдар, өспүрүмдөр үчүн мектеп формасы төмөнкүдөй кийимдердин топтомунан турат:

  • ар кандай айкалыштагы көйнөк, жилет, шым жана пиджак. Пиджак, жилет жана шым бир түстүү кездемеден (кара, боз, көк жана кочкул кызыл) классикалык стилде тигилет.

Кыздар үчүн мектеп формасы төмөнкүдөй кийимдердин топтомунан турат:

  • классикалык стилде тигилген ар кандай айкалыштагы блузка, жилет, юбка, шым, көйнөк, фартук, пиджак. Пиджак, көйнөк жана шым бир түстүү же чакмак кездемеден (кара, боз, көк жана кочкул кызыл) тигилет.

Социалдык жактан аярлуу катмардагы ата-энелерди мектеп тарабынан белгиленген форманы алууга мажбурлоо мыйзамсыз. Алар окуучуну талап кылынган “үстү ачык, асты кара түстөгү” форма менен камсыздаса болот.

Аталган базарда кыздардын жана эркек балдардын мектепке кийүүчү ак көйнөгүнүн баасы 700 сомдон башталат. Юбка, сумка дагы дээрлик мына ушундай баада. Ал эми бут кийимдер сапатына жараша 1000-1500 сомдон өйдө. Дене тарбия сабагына кийүүчү спорттук кийим-кечелеринин баалары 1500 сомдон башталат. Башталгыч класстагы окуучулардын мектепке кие турган кара түстөгү шымдар 600 сомдон башталса, ал эми жогорку класстагылардыкы 1500 сомдон өйдө. Кыздардын чачына тагыла турчу бантиктердин баасы 50-100 сомдон. Албетте, сапатына карай кийимдердин баалары да өзгөрүп турарын эсиңизге салабыз.

Ушул тапта окуучунун кадимки 12 барактуу дептери 3-4 сомдон башталып сатылат. Көп барактуу, калың тыштуу дептерлердин баалары 55 сомдон өйдө. Дептер үчүн тыш 3 сомдон болсо, китептердики 5 сомдон. Калемсаптар 10 сомдон, калем 5 сомдон болсо, сүрөт тартуучу алты түстүү калем 90 сомдон, альбом 65 сомдон башталат. Уучтагыч 15-20 сом, өчүргүчтүн баалары 10 сомдон өйдө.

Белгилей кетсек, быйыл окуу жылы 2-сентябрда башталат. Билим күнүнө байланышкан бардык салтанаттар да ушул күнү өтөт.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: