super.kg logo

Африканын үч өлкөсү БУУга кайрылып, Украинага каршы чара көрүүнү өтүнүштү

 

Мали, Нигер жана Буркина-Фасо БУУнун Коопсуздук кеңешине кайрылып, Украинага каршы чара көрүүнү өтүнүштү. Африка өлкөлөрү Киевди Африкадагы терроризмди колдойт деп айыптап жатканын чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматка караганда, аталган өлкөлөр Украинаны, өзгөчө Африканын Сахел аймагында террорго колдоо көрсөтүүдө деп айыптап, Коопсуздук кеңешин "Украинанын Африкадагы терроризмди колдоо боюнча аң-сезимдүү тандоосу боюнча" өз милдеттенмелерин аткарууга чакырышты.

Мындай айыптоолор июль айынын аягында туарег козголоңчулары Малинин өкмөттүк аскерлеринин жана "Вагнер" жалданма тобунун аскерлеринин кербенине кол салгандан кийин болгон. Мали жана Нигер бул окуядан улам Украина менен дипломатиялык мамилесин үзүшкөн.

Украинанын Тышкы иштер министрлиги Африка өлкөлөрүнүн терроризмди колдоо боюнча айыптоолорун кескин түрдө четке какты. Расмий билдирүүдө департамент Малинин дипломатиялык мамилелерин үзүү чечимин "шашылыш жана алысты көрө албаган" деп мүнөздөдү. Ал эми Нигердин кадамын "өкүнүчтүү" деп атап, бул Орусия менен жакындашууга багытталган күчтөр менен "тилектештиктин ишараты" болушу мүмкүн деп эсептейт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: